«Оймо KG» студиясы

         Кыргыз элинин бай мурастарынын бири – анын кол өнөрчүлүгү. Ал ажайып кооз сулуукка тамырлары менен тээ атам-замандан бери өнүгүп-өрчүп келе жатат. Ата бабаздын зелки көчмөн турмушундагы үй тиричилигин көркүнө чыгарган элдик уздар жана чеберлер кийиз менен кыргыздын улуттук оюм – чийимдерин тушуруп, көз жоосун алган көрктүү буюмдарды жаратып келишкен. Ал буюмдарды улуттук оймо чиймесиз көз алдыга элестетүү кыйын. Жүн уютуп, кийиз жасоо, сайма сайып, кийим тигүү жана башка кол өнөрүнүн бүтүндөй көп түрүн өздөштүрүү. Сайма элибиздин көркөм кол өнөрчүлүгүбүздүн бир түрү..

  Кол өнөрчүлүк  - кыргыздын элдик кенчи. Буюмдарды кийизден жасоо байыркы, бирок эскирбеген кол өнөрчүлүк.  

“Оймо KG” студиясы 2013 – жылдын 1 – сентябрында Балдардын жана өспүрөмдүрдүн “Сейтек” борборунда ачылды. Студиянын жетекчиси Качкынтаева Гүлмира Мундузовна – билим берүүнүн отличниги, чыгармачыл, өз ишине жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу мугалим. Көптөгөн фестивалдарга, кароо сынактарга, көргөзмөлөргө катышып, ардак грамота, дипломдор менен сыйланган.

“Оймо KG” студиясына келген балдар ата бабалардан келе жаткан кол өнөрчүлүктү жогорулатуу, сапаттуу заманбап буюмдарды, кыргыздын улуттук оймолорун кийизге түшүрүүнү, илме сайма, басма сайма, көптүрмө сайма, жөрмөмө сайма, чыраш сайма, тордомо сайма, чокума сайманын ж.б. ушуга окшогон ыкмаларды пайдаланып, сайма менен кооздолгон көркөм буюмдар, көз жоосун алган көрктүү буюмдарды жасашат.

 Студияда окучууларга ар бир жылдын аягында ачык сабактар өтүлүп турат. Сабакта интерактивдик ыкманы колдонуп, жеткиликтүү, көргөзмөлүү өтүлөт. Кийизден ар түрдүү буюмдар, сувенирлер (очки кап, уюлдук телефондун баштыкчасы, калем сап кап, чайнек кап, сумка, калпак, жаздыкча, төшөкчө, шуру, сөйкө, чач кооздуктары, акча салуучу кап, чөнтөкчө, жаны жылдык балаты жана оюнчуктар) жасалат.  

“Оймо KG” студиясынын негизги максаты - окуучулардын эмгегин баалоо, көргөзмөлөргө катышуу, балдардын өнөрүн өркүндөтүү, кыялдануу, изденүү, ар бир баланын фантазиясын угуп, ар түрдүү оймо түшүрүп, жиптин түрүн айкалыштырып кооз буюмдарды жасоо болуп эсептелет.  Балдардын өз колу менен жасалган буюмдарды белек катары бири бирине беришет, өздөрү колдонушат. Эн мыкты иштеген окуучуларга сертификат берилет.