«ИБАРАТ» КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ

 

Фото Национальный Центр детей и юношества "Сейтек".

 

Ибарат ансамбли 2001-жылы 1-сентябрда «Сейтек» борборунда ачылды. Залкар комузчу Карамолдо Орозовдун «Ибарат» күүсүнүн атынан коюлган.

Балдарды күү менен эле чектелип калбастан комуз менен ырдоо ыкмасын үйрөтүү ниетинде ушул ансамбль түзүлдү. Ансамблде жаштар 17 жашка чейинки мектеп окуучулары тарбияланат.

Ансамблдин жетекчиси, маданияттын мыкты кызматкери, Бектурганова Алтынай Джээнбаевна: "Билим берүү – ийне менен кудук казгандай", - деген сыңары, балдарга башынан эле нота менен ыр-күүлөрдү үйрөтүү жана ошого көндүрүү окуучунун кийинкисине жакшы шарт түзүп берет. Дегеним, Муратаалы Күрөңкеев окуу жайына же болбосо Б. Бейшеналиев атындагы институтуна даярдоо болуп эсептелинет.

Шаардык кароо сынактарга катышып, 3-орунга ээ болдук.
2005-жылы «Тогуз кайрык» конкурсунда 2-орунду ээледик.
2007-жылы Республикалык кароо сынакта 1-байгени алдык.
2012-жылы Түрк дүйнөсү фестивалына катышып, грамота жана сыйлыктарга ээ болдук.

 

«БОТОЙ» КОМУЗЧУЛАР АНСАМБЛИ

        «Ботой» ансамбли 2015 жылдын 1сентябрында «Сейтек» улуттук балдар борборунда ачылды. Улуу демократ акын, комузчу, ырчы атабыз Токтогул Сатылгановдун «Ботой» күүсүнүн атына коюлганы менен балдарды күү менен эле чектелип калбастан комуз менен ырдоо ыкмасын үйрөтүү ниетинде ушул ансамбль түзүлдү. Ансамблде 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары тарбияланат. Ансамблдын жетекчиси Маданияттын мыкты кызматкери, билим берүүнүн отличниги Фарида Омурзакова.

Билим алуу – ийне менен кудук казгандай, деген сынарыбалдарга башынан эле нота менен ыр, күүлөрдү үйрөтүү жана ошого көндүрүү окуучунун кийинкисине жакшы шарт түзүлүп берилет. 

Муратаалы Куренкеев окуу жайына же болбосо Б.Бейшеналиева атындагы институттарга даярдоо болуп эсептелинет. Фарида Омурзакова устаты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Улукмырза Полотовдун ыкмасын пайдалануу менен билим берип келет.